Кара-Балта шаарында жана жакын жайгашкан Ново-Николаевка кыштагында жергиликтүү тургундардын шаардын абасынын сапатына байланыштуу кайрылуусунан кийин атайын мониторинг жүргүзүлдү.

Бул иш-чараны Кыргыз Республикасынын Табигый ресурстар министрлигинин экология жана техникалык көзөмөл департаменти уюштурду. Адистер аба сапатын анализдөө үчүн Кара-Балтанын ар кайсы сегиз чекитинен – анын ичинде 40 жыл Кыргызстан көчөсү, Луговой, Тольятти, Темир жол, Токтогул жана Самарбек уулу Омураалы көчөлөрүнөн, ошондой эле Ново-Николаевканын Мос кочосунан үлгү алышты.

Лабораториялык анализдин жыйынтыгы боюнча 40 жыл Кыргызстан көчөсүндө азот кычкылынын деңгээли нормадан 3,9 эсеге ашканы, ал эми Ново-Николаевка кыштагындагы Мос көчөсүндө 1,9 эсеге ашкандыгы аныкталды.

Башка жерлерде нормадан ашык концентрациялар табылган жок. Материалдар тиешелүү органдарга жөнөтүлүп, кырдаалды жакшыртуу боюнча чаралар көрүлөт.