2026-жылдын 12-августунда Бишкектеги Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Куткаруучуларды даярдоо мамлекеттик борборунда тоо кен казган компаниялардын куткаруучулары арасында мелдеш уюштурулду.

Бул иш-чарага вице-министр Алмазбек Асанов катышып, куткаруучулук кесиптин адам өмүрүн сактоодо чоң жоопкерчилик жана эрдик талап кыларын белгиледи.

Мелдеш беш этаптан турат жана ага «Кумтор Голд Компани» менен «Альянс Алтын» компанияларынын командалары катышып, куткаруу боюнча кесиптик көндүмдөрүн көрсөтүштү.

Командалар эл аралык стандарттарга ылайыкташкан атайын машыгуу аянтчаларында күч сынашты.

Жыйынтыгында жеңишке жетишкен командалар кубоктор менен медалдар жана куткаруучулар үчүн атайын жабдуу менен сыйланышты.