10-август 2026-жылы Эл аралык Каракол аэропортунда учуу-конуу тилкеси толугу менен оңдолуп бүткөндөн кийин алгачкы техникалык рейс ишке ашты. Аэропорт өз тарыхында биринчи жолу Airbus A320 үлгүсүндөгү магистралдык класстагы аба кемесин кабыл алды. Бул тууралуу “Кыргызстандын аэропорттору” ААК билдирди.
Реконструкциянын алкагында учуу-конуу тилкесинин узундугу 2450 метрден 3750 метрге чейин жеткирилип, 1300 метрге узартылды. Ошондой эле заманбап жарык-сигналдык жабдуулар жана ILS (инструменталдык конуу системасы) орнотулду. Бул аэропорттун иштөө мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтип, учуулардын коопсуздук деңгээлин жогорулатат.
Техникалык рейс аэропорттун чоңураак аба кемелерин кабыл алууга даярдыгын тастыктап, үзгүлтүксүз эл аралык каттамдарды ишке киргизүүгө даярдыктын маанилүү этабы болду. Буга чейин аэропорт негизинен Dash 8 Q400 сыяктуу аймактык жана бизнес учактарды тейлөөгө багытталган болсо, эми Airbus A320 жана Boeing 737 сыяктуу учактарды кабыл ала алат.
“Кыргызстандын аэропорттору” ААКнын маалыматы боюнча, Орусияга, КМШ өлкөлөрүнө, Жакынкы Чыгышка жана башка аймактарга жаңы багыттарды ачуу пландалууда.


