10-августта Каракол эл аралык аэропортуна конгон биринчи Airbus A320 учагы Ысык-Көл облусунун авиациясы үчүн тарыхый окуя болду. Бул тууралуу «Кыргызстан аэропорттору» ААК башкармалыгынын төрагасы Манасбек Самидинов билдирди.

Анын айтымында, учуу-конуу тилкеси 3750 метрге чейин узартылып, аэродром инфраструктурасы модернизациялангандан кийин аэропорт жаңы деңгээлге чыкты.

Эми «Каракол» эл аралык аэропорт статусун гана алып тим болбостон, эл аралык каттамдар тармагын өнүктүрүү үчүн чыныгы техникалык мүмкүнчүлүктөрдү да алууда.
Манасбек Самидинов

Ошондой эле Самидинов Россиядан, КМШ өлкөлөрүнөн, Жакынкы Чыгыштан жана башка келечектүү рыноктордон жаңы багыттарды ачуу боюнча иштер жүрүп жатканын маалымдады.

Биздин милдет – Караколду Ысык-Көлдүн толук кандуу аба дарбазасы кылып, чет элдик туристтер үчүн Кыргызстандын негизги туристтик аймактарынын бирине түз жеткиликтүүлүктү түзүү.
«Кыргызстан аэропорттору» ААК башчысы

Ал белгилегендей, Кыргызстандын жарандык авиациясында болуп жаткан бардык масштабдуу өзгөрүүлөр президент Садыр Жапаровдун колдоосу жана жеке демилгеси менен мүмкүн болду.