Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы билдиргендей, Караколдо айыл чарба багытындагы жер тилкесине мыйзамсыз курулуш жүргүзүлгөн.

Аянты 450 чарчы метрди түзгөн бул жер тилкесине турак жайды куруу үчүн эч кандай укук белгилөөчү же башка керектүү уруксат документтери болгон эмес. Ошондой эле, жердин максаттуу багыты бузулуп, курулуш иштери жүргүзүлгөн.

Көрүлгөн чаралардын натыйжасында, мыйзамсыз курулган объект толугу менен буздурулуп, жер тилкеси баштапкы абалына келтирилди.

Бул факт боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 212-беренеси («Башка бирөөнүн жер тилкесин өзүм билемдик менен ээлеп алуу жана айыл чарба багытындагы жерлерге алардын максаттуу багытын бузуу менен өзүм билемдик менен курулуш жүргүзүү») боюнча кылмыш иши козголгон.

Учурда керектүү тергөө амалдары жүрүп жатат.