Каракол шаарындагы «Толгонай апа» элдик устаттардын уюштуруусу жүн иштетүүчү заводду ишке киргизди. Бул долбоор аркылуу яктын жана койдун жүнүнөн аркан, войлок жана боз үйдүн жасалгаларын чыгаруу пландалууда. Бул кадам жергиликтүү сырьени натыйжалуу колдонууга жана жаңы жумуш орундарын түзүүгө шарт түзөт.
Уюштуруунун жетекчиси Дамира Абдыбекова «Айыл чарбасындагы аялдар: жетишкендиктерден жаңы мүмкүнчүлүктөргө чейин» аттуу улуттук форумдун алкагында «Кабар» агенттигине маалымат берди. Анын айтымында, уюм койдун жүнүн чабуудан баштап, аны жуу, иштетүү жана войлок жасоо сыяктуу иштин бардык этаптарын өз алдынча аткарат.
Жүн иштетилбей, көп жерде колдонулубай калганын көрүп, аны өндүрүшкө тартууну чечтик. Войлокту иштетүү менен биз ата-бабаларыбыздан калган кол өнөрчүлүктү улантууда.
Абдыбекованын белгилөөсүнчө, яктын жүнүнөн бекем аркандарды жасоого болот, ал эми койдун жүнү чарбалык керектөө үчүн зарыл болгон буюмдарды чыгарууга мүмкүндүк берет. Ал мурда VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында яктын жүнүнөн жасалган боз үйдүн жасалгалары менен башкы сыйлыкты утуп алгандыгын кошумчалады.
Өндүрүштү жолго коюу менен чет өлкөдөн товар сатып алуунун ордуна, өзүбүздүн сырьебизди колдонуу мүмкүнчүлүгү түзүлөт деп баса белгиледи.











