Кыргызстан санариптик чечимдерди киргизүү аркылуу административдик тоскоолдуктарды кыскартуу жана бажы процедураларын оптималдаштыруу боюнча чараларды көрүүдө. Бул тууралуу Бишкекте өткөн СПЕКА-2026 экономикалык форумунун тематикалык сессиясында Экономика жана коммерция министрлигинин соода процедураларын жөнөкөйлөтүү бөлүмүнүн башчысы Заир Коңурбаев билдирди.

Бажы жана соода процесстерин санариптештирүү

Экономика жана коммерция министрлигинин маалыматы боюнча, санариптештирүүнүн алкагында «Смарт Бажы» улуттук маалыматтык системасы, «Санарип Тамга» системасы, e-QMS электрондук кезеги, ошондой эле эл аралык автомобиль ташууларга электрондук уруксаттар берүү системасы e-Permit сыяктуу инструменттер ишке киргизилип, өнүктүрүлгөн.

  • e-Permit системасы 2026-жылдын сентябрынан тартып өндүрүштүк режимде иштейт
  • e-Permit Казакстандын, Өзбекстандын, Азербайжандын, Түркиянын, Грузиянын жана Кытайдын маалыматтык системалары менен интеграцияланды
  • e-CMR электрондук эл аралык товардык-транспорттук накладнойлорду киргизүү улантылууда

Кагазсыз соодага жолдо

Чек ара кагазсыз соодага өтүүгө өзгөчө көңүл бурулууда. Бул тармакта Кыргызстан БУУнун Азия жана Тынч океан үчүн экономикалык жана социалдык комиссиясынын (ЭСКАТО) техникалык колдоосу менен Улуттук жол картасын иштеп чыккан. Бул документ ЭСКАТО тарабынан жогору бааланып, чек ара кагазсыз сооданы жөнөкөйлөтүү боюнча Рамочный макулдашууну ишке ашыруу боюнча улуттук пландарды даярдоодо алдыңкы тажрыйбанын үлгүсү деп табылган.