Жалал-Абад облусунун Аксый районуна караштуу Жергe-Тал айылында спортзал куруу учурунда мыйзам бузуулар табылды.
Департамент архитектуралык жана курулуш контролу регионалдык башкармалыгынын маалыматы боюнча курулуш иштерин жүргүзүү Бирдиктүү мамлекеттик реестрде катталган эмес.
Бул факт юридикалык бузуулар катары кабыл алынып, ОсОО «Кайрат Строй Кей Джи» компаниясына мыйзам чегинде 28 миң сом суммадагы айып салынды.
Учурда спортзалдын курулушу укуктук талаптар толук аткарылгандан кийин гана улантылып баштайт.









