Күз мезгилинде көчөлөрдө, короолордо жана талааларда жалбырактарды күйгүзүү атмосфералык абаны булгагандыгы менен кошо, кооптуу болуп саналат. Жаратылыш ресурстары министрлигинин маалыматы боюнча, күйгүзүү учурунда кычкылтек жетишсиздигинен жалбырактар толук күйбөй калат, натыйжада абага зыяндуу заттар жана уулуу газдар бөлүнүп чыгат.
Министрлик жалбырактарды күйгүзбөстөн, экологиялык жактан коопсуз жок кылуунун бир нече жолун сунуштайт:
- Жалбырактарды муниципалдык кызматтарга, анын ичинде «Тазалык» МИке өткөрүп берүү;
- Жалбырактарды жерге көмүү (кийинки жылы жер семирткич катары колдонуу үчүн).
Күйгүзүү фактылары видео аркылуу же экологиялык инспекторлор тарабынан ошол жерден эле аныкталышы мүмкүн. Мыйзам бузуулар аныкталган учурда, жоопкерчилик төлөнөт.
Мыйзам бузуу үчүн айып пулдар






