Баку шаарында 25-26-ноябрь күндөрү осетр түрлөрүн сактоо жана аквакультура тармагын өнүктүрүү боюнча аймактык семинар болуп өттү. Бул эл аралык иш-чарага Кыргызстандын Рыбопромышлендик комплексинин департаментинин өкүлдөрү катышты.

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин басма сөз кызматынын билдирүүсүнө таянсак, катышуучулар балыктарды көбөйтүүнүн заманбап технологияларын карашты. Ошондой эле популяцияны сактоо, өндүрүштүн толук циклин уюштуруу жана балык чарбасын өнүктүрүү келечеги талкууланган.

Семинардын жүрүшүндө эл аралык тажрыйба алмашууга, аймактык кызматташтыкты чыңдоого жана аквакультураны туруктуу өнүктүрүү боюнча биргелешкен сунуштарды иштеп чыгууга өзгөчө көңүл бурулган.