КР ӨКМ министринин орун басары Искендер Сулаймановдун жетекчилиги астында түзүлгөн атайын комиссия «Кумтөр Голд Компани» ЖАКтын Ысык-Көл облусундагы жарандык коргонуу абалын баалоо иштерин жүргүздү. Бул тууралуу КР ӨКМ басма сөз кызматы билдирди.

Текшерүү Президент – КР жарандык коргонуусунун башчысы Садыр Жапаров бекиткен планга ылайык өткөрүлдү. Баалоонун негизги максаты — компаниянын өзгөчө кырдаалдарда аракеттенүүгө даярдыгын аныктоо болгон.

Комиссия жарандык коргонуу иш-чараларын уюштурууну, чукул кырдаалдарга жооп кайтаруу пландарын, жетекчи курамдын даярдык деңгээлин, бул жааттагы талаптардын аткарылышын, ошондой эле ишкананын күчтөрүнүн жана каражаттарынын даярдыгын кылдат текшерди.

Иш-чарага «Кумтөр Голд Компанинин» жетекчилиги, жарандык коргонуу жана эвакуация боюнча комиссиялардын мүчөлөрү, ошондой эле ишкананын тиешелүү бөлүмдөрү жана түзүмдүк уюмдары катышты.

Текшерүүнүн жыйынтыгында аныкталган кемчиликтерди жоюу боюнча чаралар белгиленди. Адистер чукул кырдаалдардын алдын алууну күчөтүү, байланыш, кабарлоо жана маалымат берүү системаларынын даярдыгын жогорулатуу, өрт коопсуздугун бекемдөө, ошондой эле кызматкерлерди жарандык коргонуу маселелерине жана чукул кырдаалдар пайда болгондогу аракеттерге окутууну уюштуруу боюнча методикалык сунуштарды беришти.