Франциянын Авиньон шаарында өткөн Avignon Off 2026 эл аралык театр фестивалынын алкагында Кыргызстандын маданиятына арналган тегерек стол өттү. Иш-чарага театр таануучулар, маданият адистери, фестивалдын уюштуруучулары жана эл аралык эксперттер катышты.

Талкуулардын жүрүшүндө кыргыз театр өнөрүнүн тарыхы, азыркы абалы жана аны андан ары өнүктүрүү келечеги каралды. Өзгөчө көңүл кыргыз театрын эл аралык аренага жайылтууга, чыгармачылык кызматташтыкты кеңейтүүгө, биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга жана жаш театр ишмерлерин колдоого бурулду.

Келечектеги кызматташтыктын негизи

Иш-чаранын алкагында Avignon Off фестивалынын дирекциясынын вице-президенти Арольд Давид менен жолугушуу болуп өттү. Жолугушууда тараптар Кыргызстандын кийинки жылы эки-үч театралдык коюу менен фестивалга катышуу мүмкүнчүлүгүн, ошондой эле эки тараптуу кызматташтыкты мындан ары кеңейтүү келечегин талкуулашты.

Жолугушуунун жыйынтыгында маданий байланыштарды чыңдоого, кыргыз театр өнөрүн эл аралык аренада жайылтууга жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга өз ара кызыкдарлык ырасталды. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.