Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) маалыматы боюнча, Көл-Төр көлүнүн абалына байланыштуу коомчулукта тынчсыздануу пайда болгондон кийин, ыкчам штаб жеринде иш алып барды. Бул иш-чара социалдык тармактарда көлдүн тосулмасы жарылып кетүү коркунучу тууралуу маалыматтар тарагандан кийин уюштурулду.
Ыкчам штабдын ишин ӨКМ министринин орун басары, полковник Алмазбек Асанов жетектеди. Топтун курамына ӨКМдин Чүй облусу боюнча башкармалыгынын жетекчиси, Өзгөчө кырдаалдарды мониторингдөө жана болжолдоо департаментинин адистери, О токой кызматынын өкүлдөрү, Чүй районунун акими жана Президенттин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн жетекчилиги кирди.
Текшерүүнүн жүрүшүндө адистер көлдүн учурдагы абалын жеринде баалашты. Натыйжада, Көл-Төр көлүндөгү суунун деңгээли мурунку мезгилдерге салыштырмалуу жогорулаганы такталды.
Текшерүүнүн жыйынтыгында жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен биргеликте кырдаалды туруктуу көзөмөлдөөнү улантуу жана зарыл болгон алдын алуу чараларын көрүү чечими кабыл алынды. Алмазбек Асановдун билдирүүсү боюнча, суунун жээктен ашып кетүүсүн алдын алуу үчүн жергиликтүү бийлик органдарына атайын түтүктөрдү сатып алууга каражат караштыруу тапшырылды. ӨКМ өз кезегинде бул түтүктөрдү орнотуу иштерин жүргүзөт. Министрдин орун басары бул маселени тездетип чечүүнү буйруду.
ӨКМ ошондой эле көлдөгү кырдаал көзөмөлдө экенин белгиледи. 2026-жылдын башынан бери ведомствонун адистери көлдү буга чейин үч жолу текшерип, алдын алуу иштерин аткарышкан.


