«Ала-Тоо» ыры Бейше Махабат уулуна чоң популярдуулук алып келди. Бирок кээ бир угуучулар ырчынын ордуна жасалма интеллекттин үнү угулуп жатат деген күмөн саноолорду пайда кылып калды. Бул күмөндөрдү четке кагуу үчүн артист коомдук жайларда чыгып, ырды акапелла аткара баштаган.

Бейше 6 жыл бою Москвада жашап, иш алып келген. Ал Россиянын телевизиялык долбоорлоруна катышып, өзүн көрсөтүүгө аракет кылган. ТНТ каналындагы «Ну-ка, все вместе!» жана «Музыкальная интуиция» долбоорлоруна өз күчү менен кирүүгө жетишкен.

Москвадан кайтып келүү себеби

Артист Россиядагы шоу-бизнес абдан татаал экенин белгиледи. Анын айтымында, ал жерде ийгиликке жетүү үчүн өтө жогорку атаандаштык, байланыштар жана ресурстар талап кылынат. Кыргызстанга кайтып келүү чечими 2025-жылы апасынын ооруп калганы жана жанында жоктугу тууралуу айтканынан кийин кабыл алынган.

Азыркы учурда Бейше өзүнүн музыкалык карьерасын Кыргызстанда улантууда. Ал кыргыз музыкасынын дүйнөлүк сахнага чыгууга мүмкүнчүлүгү бар экенине ишенет жана өлкөдө чыгармачыл жаштар үчүн мүмкүнчүлүктөрдү түзүүдө мамлекеттин жана президенттин ролун маанилүү деп эсептейт.