Бишкектеги Орус үйүнүн маалыматы боюнча, кыргызстандык ырчы Бексултан Усенов Муслим Магомаевдин устуна арналган IX «Орфей» эл аралык музыкалык фестиваль-конкурсунда экинчи премияны утуп алды. Грозный шаарында өткөн бул музыкалык иш-чара бир нече мамлекеттен келген аткаруучуларды бириктирген.
Фестивалга Кыргызстан, Азербайджан, Казакстан, Монголия, Россия жана Өзбекстан өлкөлөрүнөн келген аткаруучулар катышты. Усенов Муслим Магомаевдин репертуарындагы «Мелодия» жана «Весенний край — Азербайджан» аттуу эки белгилүү чыгарманы аткарган.
Конкурстун жыйынтыгы боюнча, башкы сый — Гран-при Санкт-Петербург шаарынан келген Марьяна Рамазановага таандык болду.
«Орфей» фестиваль-конкурсу мен үчүн катышкан эң кадыр-барктуу конкурстардын бири. Муслим Магомаевдин улуу ырларын аткаруу жана өзүмдүн вокалдык жөндөмүмдү көрсөтүү мен үчүн чоң сыймык. Бул жерде абдан жакшы, достук маанай бар, кызыктуу таанышуулар болуп, чыгармачылык үчүн жаңы идеялар жаралат. Мен бул конкурсту жана Грозный шаарын абдан жакшы көрүп калдым», - деп бөлүштү ырчы Усенов.



















