Кыргызстан менен Азербайжандын ортосундагы байланыштар көп кылымдардан бери тарыхый, руханий жана маданий жакындыкка негизделет. Акыркы жылдары бул мамилелер маданият, билим берүү жана гуманитардык долбоорлор аркылуу жаңы баскычка көтөрүлдү.

Чынгыз Айтматовго багышталган эстелик Бакуда ачылды

2024-жылдын 24-апрелинде Бакуда улуу жазуучу Чынгыз Айтматовго арналган эстелик салтанаттуу түрдө ачылды. Бул демилге 2021-жылы көтөрүлгөн жана ачылыш аземине Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров менен Азербайжандын президенти Ильхам Алиев катышты.

Лидерлер эстелик кыргыз жана азербайжан элдеринин достугу, туугандыгы жана бекем өнөктөштүгүнүн символу экенин белгилешти.

Бишкекте Гейдар Алиевдин атындагы гимназия жана STEAM борбору

2022-жылдын 12-октябрында Бишкектеги №20 мектеп-гимназиясына Азербайжан улуттук лидери Гейдар Алиевдин ысымы ыйгарылып, салтанаттуу ачылыш иш-чарасына тараптардын президенттери катышты.

Мектепте учурда 63 класста 2000ден ашуун окуучу билим алууда. 2024-жылы Азербайжандын колдоосу менен аталган мектепте заманбап жабдуулар менен камсыздалган STEAM борбору ачылды.