Астана шаарында Кыргыз Республикасынын энергетика министри Алтынбек Рысбеков менен Казакстандын кесиптеши Ерлан Аккенженов жолугушту. Бул жолугушуу эки өлкө ортосундагы энергетикалык байланыштарды чыңдоого багытталган.

Министрлер электр энергиясын жеткирүү жана транзит маселелерине, ошондой эле энергосистемалардын иштөө режимдерин координациялоого өзгөчө көңүл бурушту. Тараптар буга чейин жетишилген макулдашуулардын алкагында мындан аркы өз ара аракеттенүүнү талкуулашты.

Казакстан кыргыз тарап менен энергетикалык системалардын ишенимдүү иштешин камсыз кылуу жана регионалдык энергетикалык өнөктөштүктү чыңдоо боюнча тыгыз кызматташууга даярдыгын ырастады.

Жолугушуунун соңунда эки өлкөнүн энергетика министрлери энергетикалык күн тартибиндеги негизги маселелер боюнча активдүү кызматташууну улантууга даяр экендиктерин билдиришти.