Кыргызстандын Энергетика министрлиги жана Кытайдын China Southern Power Grid International компаниясы Бишкекте жолугушуп, энергетикалык тармактагы инвестициялык кызматташтык боюнча пикир алышты.

Министр Алтынбек Рысбеков менен компания президенти Чжан Хэн энергетикалык инфраструктураны модернизациялоо, электр тармактарын өнүктүрүү, санарип технологияларды киргизүү маселелерин талкуулашты.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар өз ара түшүнүшүү меморандумун түзүшүп, биргелешкен жумушчу топту түзүү жана келечектеги техникалык жана инвестициялык долбоорлорду карап чыгуу макулдашылды.

Бул кызматташтык Кыргызстандагы электроэнергетикалык системаларды жаңылоо жана санариптештирүү милдеттерин колдоого багытталган.