Кыргызстандын борбору Бишкекте Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы менен Кытай Эл Республикасынын Башкы бажы башкармалыгы ортосунда Кыргыз-Кытай чек арадагы өткөрүүчү бекеттерди башкаруу боюнча кызматташтык келишиминин долбоору талкууланды.
Талкууга Мамлекеттик бажы кызматы, Мамлекеттик чек ара кызматы, Тышкы иштер министрлиги, Өнөр-жай, транспорт жана коммуникациялар министрлиги, Саламаттык сактоо министрлиги жана айыл чарба министрлигинин өкүлдөрү катышты. Кытай тараптан болсо Башкы бажы башкармалыгы, Тышкы иштер министрлиги, Улуттук миграция кызматы жана транспорт министрлигинин өкүлдөрү катышты.
Келишимде кыргыз-кытай кызматташтык комитетин жана ар кайсы өткөрүүчү бекеттер боюнча иштетүү топторун түзүү каралган. Бул эки өлкөнүн компетенттүү органдарынын ортосунда координацияны жакшыртып, чек арадагы өткөрүү пункттарын натыйжалуу иштетүүгө шарт түзөт.
Кол коюу иш чарасы Кытай Эл Республикасынын төрагасы Си Цзиньпиндин Кыргызстандагы мамлекеттик визити учурунда, Шанхай кызматташтык уюмунун саммити алкагында өтүшү пландалууда.
Акыркы иш-чарага катышкан тараптар




























