Жакында Шанхай Кызматташтык Уюмунун (ШКУ) Тышкы иштер министрлер кеңешинин жыйыны Бишкекте өттү. Анын алкагында Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев менен Өзбекстандын тышкы иштер министри Бахтиёр Саидов эки тараптуу жолугушуу өткөрүштү.

Жолугушуунун негизги маселелеринин бири Өзбекстандын Президенти Шавкат Мирзиёевдин Кыргызстанга боло турган мамлекеттик сапарына даярдык көрүү болду. Министрлер бул маанилүү иш-чаранын бардык аспектилерин талкуулап, жогорку деңгээлдеги келишимдерди ишке ашырууга даяр экендиктерин билдиришти.