2024-жылдын 30-июлунда Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров менен Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жыйынтыктап, союздаштык мамилелер тууралуу Договорду имзалашты.
Бул документ эки мамлекеттин ортосундагы ишеним деңгээлин бекемдеп, саясий-укуктук негизди жаңы деңгээлге көтөрөт жана узак мөөнөттүү өнүгүүнү камсыздайт.
Ошондой эле, тараптар Иссык-Көл облусундагы курорттук-рекреациялык объекттер боюнча келишимде өзгөртүүлөрдү киргизүү протоколуна, айыл чарба комплексинде кызматташты күчөтүү боюнча 2026-2028-жылдарга багытталган практикалык аракеттер планына жана туризм, инвестиция жаатындагы багыттар боюнча документтерге кол коюшту.











