2026-жылдын 30-июлунда Чолпон-Ата шаарында Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров менен Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев эки тараптуу жана кеңейтилген курамда сүйлөшүүлөрү өткөрүлдү.

Сүйлөшүүлөрдүн тет-а-тет бөлүгүндө Садыр Жапаров Шавкат Мирзиёевди жылы тосуп алып, кыргыз-өзбек мамилелерине жаңы дем берүүчү сапар болоруна ишенимин билдирди.

Андан соң тараптар кеңейтилген курамда жолугушуп, эки мамлекеттин саясий жетекчилери эки тараптуу кызматташтык боюнча негизги маселелерди талкуулады.

Жапаров бул өнүгүү мезгили кыргыз-өзбек кызматташтыгы үчүн ийгиликтүү экенин белгилеп, Өзбекстанда жүргүзүлүп жаткан реформаларды жана өлкөнүн борбордук Азиядагы достук жана ишеним түзүүгө кошкон салымын жогорку баалады.

Президентибиз чек ара маселесинде саясий эрктин натыйжасында кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасынын делимитациясы аяктаганын, кол коюлган документтер менен чек ара маселелери толук жөнгө салынарын белгиледи.

Мындан тышкары, жаңы өтүү бекеттеринин санын көбөйтүү максатында документтерге кол коюулары чек ара чектеш аймактардагы тургундарга, соода-сатыкка, транспорт жана гуманитардык байланыштарга жаңы мүмкүнчүлүктөрдү берет.