Жалал-Абад облусунун Ноокен районундагы Достук айылында жаңы «Кен-Сай» бажы-логистикалык терминалы ишин баштады. КР Мамлекеттик бажы кызматынын билдирүүсүнө ылайык, объектти ишке киргизүү чек ара ашынан сооданын натыйжалуулугун жогорулатууга жана «Мамлекеттик бажы инфраструктурасы» ААКнын Түштүк филиалынын инфраструктурасын өнүктүрүүгө багытталган.
Терминал 8 гектар аянтты ээлейт жана оор жүк ташуучу унаалардын кыймылын тартипке келтирүү үчүн долбоорлогон. Негизги технологиялык чечим катары электрондук кезек системасы тандалды, ал кире бериш жолдордогу тыгындарды азайтууга жана ташуучулар үчүн иштөө шарттарын жакшыртууга тийиш.
Тургунот жайларынан тышкары, комплекс аймагында операциялык иштер үчүн толук кандуу инфраструктура түзүлгөн. Анын ичине тараза аянты, товарларды кайра жүктөө зонасы, бажы контролун жүргүзүү үчүн атайын орундар жана бажы брокерлери үчүн кеңсе бөлмөлөрү кирет.







