Бишкекте мамлекеттик-жеке өнөктөштүк негизинде иштеген Silk Road Motors автохабы иштеп баштады. Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы боюнча ишке ашырылган долбоор импорттоо, экспорттоо, транзит жана бажы кампасына жайгаштыруу процедураларын оптималдаштырууга багытталган.

Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы Улан Кимсановдун билдирүүсүнчө, санариптик куралдарды киргизүү логистикалык чынжырларды олуттуу тездетүүгө мүмкүндүк берди. МБК менен биргеликте автовоздордун келүүсүн санариптештирүү, машиналарды идентификациялоо жана текшерүү жүргүзүү системасы ишке ашырылды.

Каттоо этаптары9 этаптар4 этаптар −56%

Объекттеги технологиялык процесс навигациялык пломбаларды алууну, түшүрүүнү, идентификациялоону жана ар бир автоунаага QR-коддорду кийинчерээк жаптырууну камтыйт. Бул кодду сканерлөө учурунда транспорт каражаты жөнүндө маалыматтарды ыкчам алууга мүмкүндүк берет.

Хабдын натыйжалуулук көрсөткүчтөрү

30 000айына автоунаа
1 000суткасына автоунаа
3каттоонун орточо убактысы мин.

Учурда инфраструктура 52 гектарды ээлейт, бирок алдыда аянты 70–80 гектарга чейин кеңейтүү пландалууда. Хабдын инфраструктурасын «Унаа» бөлүмү, автолаборатория жана банк филиалдары толуктап турат.

Келишимдин шарттарына ылайык, «Мамлекеттик бажы инфраструктурасы» ААКнын долбоордогу катышуу үлүшү акырындап жогорулай берет. Жакын арадагы эки жыл ичинде ал учурдагы 40%дан 50%га чейин өсүп, андан ары 60%га жетет.