Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүүдө Камбар-Атин ГЭС-1 жана Кытай—Кыргызстан—Өзбекстан темир жолу долбоорлору приоритет болуп калды. Бул тууралуу мамлекет башчысы Садыр Жапаров президент Шавкат Мирзиёевдин өлкөбүзгө мамлекеттик сапарынын алкагында билдирди.
Жапаров өз сөзүндө сапардын мазмуну практикалык мааниге толуп, эки өлкө ортосундагы кызматташтык көп тараптуу жана тереңдөп жатканын белгиледи. Өзбекстандын башкаруу системасын модернизациялоо, экономикалык реформаларды жүргүзүү жана инновациялык экономикага өтүү жаатындагы ийгиликтерине көңүл бурду.
Ошондой эле, Садыр Жапаров Шавкат Мирзиёевдин жетекчилигинде өлкөнүн ички дүң продукциясы акыркы он жылда эки эсе көбөйгөнүн белгиледи. Ошондой эле Кыргыз Республикасынын жана Өзбекстандын ортосунда союздук карым-катнаштар жөнүндөгү келишимге кол коюлганы тууралуу маалымдады.









