2026-жылдын 15-ноябрынан 20-ноябрына чейин Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жарандык авиация мамлекеттик агенттигинин өкүлдөрү Канаданын Монреаль шаарында ИКАОнун негизги эл аралык иш-чараларына катышты.
Делегация ИКАО тарабынан уюштурулган 7-Дүйнөлүк авиация конференциясына (ATConf/7) катышып, эл аралык аба каттамдарын өнүктүрүү жана авиациялык байланыштуулукту чыңдоо маселелерин талкуулады.
Ассамблеянын 43-кезексиз сессиясы
Маанилүү иш-чаралардын бири ИКАО Ассамблеясынын 43-кезексиз сессиясы болду. Бул сессиянын алкагында Уюмдун Кеңешине шайлоо өткөрүлдү. Кыргызстандын өкүлдөрү добуш берүүгө катышып, мамлекеттин эл аралык авиациялык аренадагы ыйгарым укуктарын ишке ашырышты.
Агенттиктин билдирүүсүнө ылайык, мындай деңгээлдеги катышуу Кыргызстанга тармактын стратегиялык маселелерин талкуулоого, учуулардын коопсуздугун камсыздоо жана жарандык авиациянын туруктуу өнүгүүсүн илгерилетүү боюнча өз позициясын бекемдөөгө мүмкүнчүлүк берет.
















