Бишкекте мамлекеттик жарандык авиация агенттиги менен Эл аралык аба транспорту ассоциациясынын (IATA) өкүлдөрүнүн жолугушуусу болуп өттү. Ал жерде Кыргызстандагы жарандык авиациянын азыркы абалы жана анын өнүгүү перспективалары талкууланды.

Кездешүүнүн жүрүшүндө узак мөөнөттүү стратегияны түзүү, эл аралык каттамдарын кеңейтүү, аэропорт инфраструктурасын өнүктүрүү, жайдагы кызмат көрсөтүүнү жакшыртуу маселелерине өзгөчө маани берилди.

Ошондой эле, эл аралык стандарттарды жана санариптик чечимдерди колдонуу, авиация адистерин сертификаттоо жана квалификациясын жогорулатуу туурасында сөз болду.

IATA өкүлдөрү Кыргызстандын жарандык авиациясындагы оң өзгөрүүлөрдү белгилеп, тармакты өнүктүрүүдө эксперттик жана консультациялык жардам көрсөтүүгө даяр экенин билдиришти.

Жыйындын соңунда тараптар кызматташууну кеңейтүү, эл аралык тажрыйбаларды алмашуу жана биргелешкен демилгелерди ишке ашыруу боюнча макулдашылды. Мунун баары Кыргызстандын жарандык авиациясынын туруктуу өнүгүүсүнө багытталган.