Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери рейддик иш-чаралардын жүрүшүндө жүк ташуучу унааны текшерүү учурунда косметикалык каражаттардын жана ар кандай эл керектөөчү товарлардын ири партиясын аныкташкан. Бул товарлар өлкөгө керектүү коштоочу документтерсиз ташылып келе жаткан.
Алдын ала маалыматтарга ылайык, катталбаган товардын жалпы наркы 2,2 миллион сомдон ашат. Учурда бул факты боюнча мамлекеттик бюджеттин кирешесине тиешелүү салыктык төлөмдөрдү өндүрүүгө багытталган тиешелүү иш-чаралар жүргүзүлүүдө.




