Организация тюркских государствтин (ОТГ) башкы катчысы Кубанычбек Омуралиев Стамбул шаарында Япониянын тышкы иштер министринин орун басары Арфия Эри менен жолукту.

Жолугушууда ОТГнын ишмердүүлүгү жана Тюрк дүйнөсүндөгү аймактык кызматташтыктагы ролу талкууланды. Ошондой эле, Азия менен Европаны туташтырган Орто коридор — Транскаспий эл аралык транспорттук маршруту тууралуу маалымат алмашуу болду.

Жолугушуунун маалында тараптар соода, инвестициялар, энергетика, транспорт, цифрлаштыруу, инновациялар, жашыл трансформация, билим берүү жана адамдар аралык мамилелер жаатында кызматташтыкты кеңейтүү мүмкүнчүлүктөрүн караштырышты.

Япония тарап бул кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүгө кызыкдар экенин билдирген. Жыйынтыгында ОТГ менен Япониянын ортосунда, анын ичинде ОТГ+ форматында кызматташууну улантуу боюнча келечектүү сүйлөшүүлөргө макулдашуу болду.