Кыргызстандын аймагында август айынын башынан бери тогузунчу сезилүүчү жер титирөө катталды. Бул тууралуу Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институтунун маалыматына таянуу менен кабарланууда.

Күч 3,5 баллга жеткен жер титирөө 2023-жылдын 13-августунда саат 02:49да болгон. Жер титирөөнүң очогу Кара-Сай айылынан түндүк-чыгышка 22 чакырым, ал эми Барскоон айылынан түштүк-чыгышка 53 чакырым аралыкта жайгашкан.

Жер титирөөнүн күчү жана жайгашкан жери

3,5жалпы күч (балл менен)
2,5Кара-Сайда сезилген күч

Бул август айындагы тогузунчу жер титирөө болуп, мурункусу 12-августта катталган. Сейсмолог Канатбек Абдрахматовдун айтымында, мындай жыш сейсмикалык активдүүлүк Кыргызстан үчүн күчтүү жер титирөөнүн алдындагы белгисиз.

Ал эми паникага берилип, күчтүү кырсыктарды күтүүнүн зарылдыгы жок экенин, учурдагы абал адаттагыдан чоң айырмачылыкты көрсөтпөй турганын баса белгиледи.