Жер силкинүү 9-август күнү саат 18:33тө катталган. Анын эпицентри Кыргызстандын аймагында болгон.

Сейсмологдордун маалыматына ылайык, эпицентр Жар-Башы айылынан 6 км түштүк-батышта, Күлчү айылынан 7 км түндүк-чыгышта, Шибээ айылынан 15 км түштүк-чыгышта жана Баткен шаарынан 126 км түштүк-чыгышта жайгашкан.

Чак, Күлчү жана Шибээ айылдарында жер титирөөнүн интенсивдүүлүгү 2,5 баллды түзгөн.