Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институту билдиргендей, 10-август күнү саат 08:12де жергиликтүү убакыт боюнча Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара аймагында (Заалай кырка тоосу) жер титирөө катталган.
Сейсмологдордун маалыматына ылайык, жер титирөөнүн очогунда термелүүнүн күчү болжол менен 3 баллды түзгөн. Жер титирөөнүн очогу Ачык-Суу айылынан түштүк-батышка карай 20 чакырым, Ош шаарынан түштүк-батышка карай 142 чакырым аралыкта жайгашкан.
Республиканын калктуу пункттарында жер титирөөнүн күчү сезилген эмес.


