Жаңы окуу жылынын мөөнөтү
Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан бекитилген базистик окуу планына ылайык, 2026-2027-окуу жылы 2026-жылдын 15-сентябрында башталып, 2027-жылдын 25-майында аяктайт. Окуу жылдын узактыгы жайкы каникулдарды эсепке албаганда, 1-класстар үчүн 32 жуманы, 2-класстар үчүн 33 жуманы, ал эми 3-11-класстар үчүн 34 жуманы түзөт.
Негизги каникулдардын графиги
Окуучулар үчүн төмөнкүдөй каникулдар бекитилген:
- Күзгү каникулдар: 11-ноябрдан 15-ноябрга чейин (5 календарлык күн), сабактар 16-ноябрда башталат.
- Кышкы каникулдар: 1-январдан 10-январга чейин (10 календарлык күн), сабактар 11-январда башталат.
- Жазгы каникулдар: 3-марттан 8-мартка чейин (6 календарлык күн), сабактар 9-мартта башталат.
- Май каникулдары: 1-майдан 9-майга чейин (9 календарлык күн), сабактар 10-майда башталат.
Мындан тышкары, 1-класстын окуучулары үчүн каникулдар дагы эки жумага узартылат, ал эми 2-класстын окуучулары үчүн кошумча бир жума эс алуу каралган.
Кошумча каникулдардын мөөнөтүн райондук жана шаардык билим берүү органдары аймактык климаттык жана санитардык-эпидемиологиялык шарттарды эске алуу менен белгилейт.














