Кыргыз Республикасынын Билим берүү министрлиги 2026–2027-окуу жылы үчүн жаңы базистик окуу пландарын бекитти. Бул пландар 11 жылдык мектеп билим берүү системасын жана 12 жылдык окуу мөөнөтүнө этап-этабы менен өтүп жаткан класстарды камтыйт.

Ведомствонун маалыматы боюнча, 12 жылдык билим берүүгө өтүүнүн экинчи этабында 1, 2, 3, 5, 7 жана 8-класстардагы окуу процесси жаңыланган билим берүү программалары жана окуу-методикалык комплекстер аркылуу ишке ашырылат.

Мындан тышкары, жаңы окуу жылынан баштап 8-класстарга жумасына эки сааттык окуу жүктөмү менен предпрофилдик компонент киргизилүүдө.

Ошол эле учурда 3, 4, 9, 10 жана 11-класстарда окуу 11 жылдык мектеп үчүн иштелип чыккан билим берүү программалары жана окуу-методикалык комплекстер боюнча улантылат. Буга 3-9-класстар үчүн «Англис тили» предмети боюнча окуу-методикалык комплекстер кирбейт, алар жаңыланат.

Бекитилген окуу пландарына ылайык, өлкөдө ири мамлекеттик жана эл аралык иш-чаралар өткөрүлгөндүгүнө байланыштуу 2026–2027-окуу жылы Кыргызстандын бардык жалпы билим берүү уюмдарында 2026-жылдын 15-сентябрында башталып, 2027-жылдын 25-майында аяктайт.

Окуу жылынын узактыгы (жайкы каникулдарды эсепке албаганда)

321-класстарда жума
332-класстарда жума
34