ЖКККББ билдиргендей, жалпысынан 28 миң 753 эреже бузуу катталып, алардын ичинен айрым категориялар боюнча төмөнкүдөй сандар белгиленди:

Катталган эреже бузуулар

4 502документсиз унаа башкаруу
415мас абалында унаа башкаруу
207айнектерди мыйзамсыз караңгылатуу
841жөө жүргүнчүлөрдүн эреже бузуусу
4 582унаа эксплуатациялоо эрежелери
33автобезобраздык
1 567ылдамдыкты ашыруу
8жасалма номерлер менен башкаруу

Катталган ар кандай эреже бузуулар үчүн 3 миң 241 транспорт каражаты адистештирилген айып унаа токтотуучу жайларга киргизилди.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы айдоочуларды жана жөө жүргүнчүлөрдү жол эрежелерин так сактоого, жолдо этият болууга жана жол кыймылынын коопсуздугуна жоопкерчиликтүү мамиле кылууга чакырат.