Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлиги боорду трансплантациялоону кымбат медициналык кызматтардын тизмесине киргизүүнү караган токтомдун долбоорун коомдук талкууга чыгарга. Мындай операцияларды каржылоо Жогорку технологиялар фондунун эсебинен жүргүзүлүүсү пландалууда.

Документке карата негиздеме-маалымкатка ылайык, өлкөдө боордун терминалдык стадиядагы өнөкөт оорулары менен, анын ичинде цирроз жана тукум куу патологиялар менен ооруган бейтаптардын саны өсүп жатат. Мындай учурларда органды которуу жашоону сактап калуунун жалгыз радикалдуу жолу болуп саналат.

Саламаттык сактоо министрлигинен билдирилгендей, мамлекеттик медициналык уюмдарда туугандык трансплантацияларды жүргүзүү практикасы башталып, алардын биринчилери ийгиликтүү аяктады. Ведомствонун маалыматы боюнча, 2026-жылдын октябрь айынын аягына чейин республикада ушундай сыяктуу 11 операция жүргүзүлгөн.

17 000 $ орточо баасы

боорду которуу боюнча бир операция дары-дармектерди жана реабилитациялоону кошкондо болжол менен 1,5 млн сомду түзөт

Эгерде туугандык донор болсо, жаңы механизм бейтаптар үчүн акысыз негизде кийлигишүү иштерин жүргүзүүгө мүмкүндүк берет. Бул ата мекендик трансплантологияны өнүктүрүүгө жана жогорку технологиялык жардамдын жеткиликтүүлүгү маселесин чечүүгө өбөлгө түзөт.