Эне менен баланын ден соолугун коргоо улуттук борборунда кандын коюлуусун бузуу менен байланыштуу ооруларды аныктоо жана дарылоонун заманбап ыкмаларына арналган тегерек стол өткөрүлдү.
«Коагулопатияларды дарылоодогу заманбап чакырыктар: ингибитордук гемофилиядан Виллебранд оорусуна чейин» аттуу иш-чарага гематология тармагындагы эксперттер жана медициналык адистер катышты деген маалыматты борбордон билдирди.
Катышуучулар гемофилия Анын ингибитордук формасын дарылоонун заманбап ыкмаларын, иммундук толеранттуулукту индукциялоону, бейтаптарды тандоо критерийлерин жана терапиянын натыйжалуулугун талкуулашты.
Ошондой эле Виллебранд оорусун лабораториялык диагностикалоого, анын сейрек кездешүүчү формаларын аныктоого, жеке профилактикага жана заманбап алмаштыруучу терапияга өзгөчө көңүл бурулду.
Негизги докладчылар катары Чыгыш Европа жана Түштүк-Чыгыш Европа жана Түштүк-Чыгыш Европа жана БТБ өлкөлөрү боюнча гематология багытындагы регионалдык продукт-менеджер, PhD Евгения Москвина жана Эне менен баланын ден соолугун коргоо улуттук борборунун гематология бөлүмүнүн башчысы, медицина илимдеринин кандидаты Раушан Мотушева чыгышты.










