Улуттук госпиталда чакырылган эксперт Евгений Васильевич Мундун катышуусунда варикоцелени жана жамбаш органдарынын кан тамырларынын варикоздук кеңейишин эндоваскулярдык жол менен дарылоонун заманбап ыкмалары боюнча практикалык окутуу болду.

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, иш-чара медициналык адистердин квалификациясын жогорулатуу, клиникалык тажрыйба алмашуу жана аз инвазивдүү хирургия багытындагы көндүмдөрдү кеңейтүү максатында уюштурулган.

Окутууга госпиталдын урология, кан тамыр хирургиясы жана башка тиешелүү бөлүмдөрүнүн дарыгерлери катышты. Мастер-класстын өзгөчөлүгү — адистерди чет өлкөгө жөнөтүүнүн ордуна, экспертти өзүнүн клиникалык базасына чакыруу болуп саналат. Бул ыкма дарыгерлерге өз иштеринде колдонуп жаткан жабдуулардын жардамы менен жаңы методикаларды тез өздөштүрүүгө мүмкүнчүлүк берет.

Практикалык бөлүмдө Улуттук госпиталдын жабдууларын колдонуу менен медициналык кийлигишүүлөр иш жүзүндө көрсөтүлүп, аткарылды.