Кыргызстанда колдонуудан чыккан батарейкаларды кайра иштетүү долбоорун өлкө аймагына жайылтуу максатында иш-чаралар башталды. Бул тууралуу Табигый ресурстар, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги билдирүү жасады.
Министрликте «Твой заряд» компаниясы менен жолугушуу өтүп, анда компаниянын Бишкекте 2022-жылдан берки ишмердүүлүгү жана 850ден ашуун батарейка топтоочу пункттары тууралуу маалымат берилди. Компания 150 000ден көп колдонуучу менен портативдүү заряддоо кызматын көрсөткөн IT-сервисине ээ.
Министрлик «жашыл» долбоорлорду колдоп, коркунучтуу калдыктарды – батарейкаларды – экологиялык жактан коопсуз жол менен өлкөдөн чыгаруу жана кайра иштетүү боюнча кызматташууга даяр экенин билдирди.
Макулдашуунун алкагында өлкө аймагында долбоорду масштабдоо, мамлекеттик медиалар аркылуу экологиялык аң-сезимди жогорулатуу жана коомдук маалымдуулукту күчөтүү тууралуу меморандумга кол коюу пландалууда.








