«Борбордук Азия – Кытай» форматындагы экинчи иш-чаранын алкагында КР Курулуш, архитектура жана ЖКХ министри Нурдан Орунтаев Бишкектеги катуу тиричилик калдыктарын кайра иштетүүчү экотехнологиялык заводдун ишин көрсөтүп берди. Ишкананы Кытай, Казакстан, Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстандын тиешелүү ведомстволорунун өкүлдөрү кыдырып чыгышты.

Ведомстводан билдирилгендей, делегациянын визити учурунда өндүрүштүк процесстер, кайра иштетүү технологиялары жана объекттин альтернативдүү энергияны иштеп чыгуу чөйрөсүндөгү потенциалы көрсөтүлдү.

1-1,2миң тонна
30МВт·ч
2025-жылдын 27-декабрыачылуу күнү

2025-жылдын аягында ишке кирген завод региондогу ушул сыяктуу биринчи объект болуп саналат. Учурдагы эксплуатациядан тышкары, борбордо таштандыларды башкаруу системасын кеңейтүү үчүн экинчи окшош аянтчаны куруу мүмкүнчүлүгү каралууда.

Долбоорду ишке ашыруу борбордогу экологиялык кырдаалды жакшыртууга, таштандылардын көлөмүн минималдаштырууга жана кайра жаралуучу энергия булактары секторун өнүктүрүүгө багытталган.