Кыргызстандын аймактарында дан эгиндерин жыйноо иштери кызуу жүрүп жатат. Жалпысынан бул иштерге 1459 эгин оруп-жыюучу комбайн тартылган. Техника түшүмдүн бышуу мөөнөттөрүн эске алуу менен аймактарга бөлүштүрүлгөн. Бул маалыматты Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин басма сөз кызматы таратты.
Учурда Ысык-Көл жана Нарын облустарында дан эгиндерин жыйноо башталды. Түшүм жыйноо мезгилинде Ысык-Көл жана Нарын облустарынан Чүй облусуна 100дөн ашык эгин оруп-жыюучу комбайн тартылды. Иштер штаттык режимде жүрүп, аяктоо алдында турат.
Түшүм жыйноого тартылган комбайндар








