Кыргызстандын өкүлдөрү, анын ичинде суу ресурстары, айыл чарбасы жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин биринчи орун басары Илич Марсбек уулу баштаган межведомстволук жумушчу топтун делегациясы, Кытай Эл Республикасында иш сапар менен болду.

Пекин шаарында мамлекеттик органдар менен жеке компаниялардын өкүлдөрү менен жолугушуулар өткөрүлүп, Кыргызстанда минералдык жер семирткичтерди өндүрүүнү өнүктүрүү багытындагы кызматташтык маселелери талкууланды.

Делегация Кытайдын Ички Моңголия автономиялуу аймагында жайгашкан көмүрдөн жер семирткич өндүрүүчү ири ишканалардын бирин көрүп таанышып чыкты.

Жолугушуулардын жыйынтыгында Кыргызстанда курулуп жаткан жаңы минералдык жер семирткич заводунда иштөөчү адистерди даярдоо үчүн Кытайда окутуу жана өндүрүштүк практикадан өтүү боюнча кызматташтык келишимдери түзүлдү.

Сертификатталган адистерди даярдоо жаңы ишканага зарыл болгон квалификациялуу кызматкерлерди камсыздап, заманбап өндүрүш технологияларын жана практикалык көндүмдөрдү өздөштүрүүдө жардам берет.