Жаңы долбоорлоого ылайык, жаңы курулуштарда же турак жай массивдеринде жашаган жарандардын каттоосу үйлөрдүн техникалык абалына карабастан жүргүзүлө турган болот. Бул үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын санариптик системалары аркылуу, атап айтканда «Түндүк» системасы менен байланышкан маалыматтар негиз катары колдонулат.
Каттоо маалыматтары автоматташтырылган маалыматтык-аналитикалык системага (АИС) киргизилет. Ал эми тиешелүү маалымкаттар баракча түрүндө же санариптик форматта жашоо жайынын ээсине гана берилет.
Долбоор ченемдик укуктук актыларды мыйзамдарга шайкеш келтирүү, мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн жеткиликтүүлүгүн жана сапатын жогорулатуу үчүн иштелип чыккан.
Ошондой эле, документте жарандардын каттоодон чыгарылышы жана каттоо мөөнөттөрүн сактабаган учурдагы жоопкерчилик маселелери каралган. Ал эми жаш балдарды биринчи жолу каттоодон өткөрүү жарандыгы чөйрөсүндөгү мыйзамдарга ылайык ишке ашырылат.










