Кыргызстандын аймактарындагы ишкерлер бизнес өнүктүрүү, жаңы долбоорлорду ишке киргизүү жана учурдагы өндүрүштөрдү кеңейтүү үчүн жеңилдетилген каржылоону ала алышат. «КР региондорун экономикалык өнүктүрүү» долбоорунун алкагында жылдык 2 пайыздык чен менен бюджеттик насыялар каралган.
Насыяларды жеке ишкерлер, юридикалык жактар, ошондой эле даяр стартап-идеялары бар жарандар ала алышат. Каржылоо экономиканын артыкчылыктуу тармактарын өнүктүрүүгө багытталган. Бул тармактарга туризм, жеңил өнөр жай, өндүрүш, саламаттыкты сактоо, билим берүү, энергетика жана айыл чарба продукциясын кайра иштетүү кирет.
«Мамлекеттик финансы холдинги» ААК билдиргендей, бюджеттик насыя алуу үчүн компаниянын облустук өкүлчүлүгүнө кайрылып, белгиленген тизмеге ылайык документтердин толук топтомун тапшыруу зарыл.
Программанын шарттарына ылайык, насыянын суммасы 20 миллион сомго чейин жетиши мүмкүн, каржылоо мөөнөтү — 10 жылга чейин, ал эми пайыздык чен жылдык 2 пайызды түзөт. Долбоордун өзгөчөлүктөрүнө жараша, негизги карызды төлөө боюнча 12 айга чейин жеңилдетилген мөөнөт берилиши мүмкүн.
Программага катышуунун милдеттүү шарттарынын бири – жеке салымдын жана ликвиддүү күрөөлүк камсыздоонун болушу. Стартап-долбоорлор үчүн арыз берүүчү банк эсебинде талап кылынган насыя суммасынын кеминде 30 пайызы өлчөмүндө жеке каражаттарынын бар экендигин тастыкташы керек, ал эми иштеп жаткан бизнес үчүн – кеминде 10 пайыз.



