Талас облусундагы «Чоң-Капка автожолу» фитосанитардык көзөмөл пунктунда Орусия Федерациясынан алынып келинген нокоттун партиясына карантиндик фитосанитардык көзөмөл жүргүзүлдү.
Айыл чарба министрлигинин маалыматына ылайык, текшерүү учурунда адистер продукциянын таңгагында милдеттүү маркировканын жоктугун аныкташкан.
Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңешинин №157 чечимине ылайык, карантиндеги продукциянын ар бир таңгагында товардын аталышы, келип чыккан өлкөсү, экспорттоочу же реэкспорттоочу өлкө тууралуу маалымат камтылышы керек.
Мындай эрежелердин бузулушуна байланыштуу, Евразия экономикалык бирлигинин бирдиктүү карантиндик фитосанитардык талаптары сакталган эмес. Жүктү Кыргыз Республикасынын аймагына киргизүүгө уруксат берилген жок жана жөнөтүүчүгө кайтарылды.
