Мамлекеттик салык кызматында өткөрүлгөн кыскартуулардын натыйжасында 500 адис кадрдык резервге киргизилди. Бул адистер бош орундар пайда болгондо биринчи кезекте каралат деп билдирди ведомствонун төрагасы Алмамбет Шыкмаматов.

Шыкмаматовтун айтымында, кыскартуу негизинен башка бөлүмдөрдүн функцияларын кайталаган түзкүмдөрдүн эсебинен ишке ашырылган. Мындай ыкма кызматкерлерди тандоодо субъективдүүлүктөн качууга жана тажрыйбалуу кадрларды сактап калууга мүмкүндүк берди.

Ведомство бош орундарды, анын ичинде пенсияга чыккан кызматкерлердин ордун толтурууда кадрдык резервдеги адистерди биринчи кезекте карап чыгууну көздөйт.

Биз мурда системада иштеп, өзүн жакшы тараптан көрсөткөн адистерге багыт алабыз. Азыр жумасына 10–15 бош орун пайда болгон учурда, биз биринчи кезекте кадрдык резервдеги талапкерлерди карап чыгабыз.
Алмамбет Шыкмаматов, Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы

Мамлекеттик салык кызматынын көрсөткүчтөрү

500кадрдык резервге кирген адис
3 300жалпы кызматкерлердин саны