«Ырыс Ордо» конгресс-холлунда Bishkek Investment Forum – BIF 2026 иш-чарасы ачылды. Бул жылдагы форумдун темасы «Борбордук Азия 2030. Рыноктун мүмкүнчүлүктөрү» деп аталууда.
Форумдун программасынын алгачкы пленардык сессиясында Кытай—Кыргызстан—Өзбекстан темир жолунун курулушуна өзгөчө көңүл бурулат. Аталган долбоордун аймактык соодага, логистикага жана өнөктөштүккө тийгизген таасири талкууланууда.
Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары, Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков өз сөзүндө өлкөнүн экономикалык өсүш көрсөткүчтөрү жана ишкердикти өнүктүрүү шарттары тууралуу айтты.
- Мамлекеттик органдардын өкүлдөрү
- Эл аралык уюмдар
- Финансы институттары
- Бизнес-ассоциациялар
Иш-чарага Казакстан, Өзбекстан, Кыргызстан жана Азербайджандын ишкерлери катышып, бизнес менен иштөө тажрыйбасы менен бөлүшөт. Ошондой эле күнүнүн экинчи жарымында бизнес-сессиялар өтүлүп, финансылоо ыкмалары каралат.














