Кыргызстандын Азербайжандагы элчилиги Кыргызстандын жарандары бул өлкөнүн аймагында 90 күнгө чейин убактылуу калышына уруксат берилгенин маалымдады.
Азербайжанда учурда кыргыз мигранттары жок, өлкөдө кыргызстандыктардын саны төмөн жана алардын көпчүлүгүн этникалык азербайжандар түзөт.
15 күндөн көп убакыт бою өлкөдө болууну пландаган бардык чет элдик жарандар жана жарандыгы жок адамдар жашаган жеринин каттоосунан өтүшү зарыл.
Каттоодон өтүү үчүн расмий миграция кызматынын сайты аркылуу электрондук кызматтарды колдонуу, электрондук почтага арыз берүү же миграция башкармалыктарына, мамлекеттик тейлөө борборлоруна кайрылуу мүмкүнчүлүктөрү каралган.
Каттоо үчүн арыздан тышкары паспорттун көчүрмөсү же башка сапар документтери, визанын же акыркы өлкөгө кирүү белгилеринин сүрөтү талап кылынат.
Азербайжанда чет элдик жарандарды жана жарандыгы жок адамдарды каттоодон өткөрүү үчүн мамлекет тарабынан төлөм алынбайт.


