Азербайжандын башкы маалымат каражаттарынын өкүлдөрүнөн турган делегация Кыргызстанга таанышуу иш сапары менен келди. Бул сапар Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен уюштурулуп, президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагозов тарабынан ишке ашырылып жатат.

Пресс-турдун программасы эки өлкөнүн медиасообществолору ортосунда кесиптик өз ара аракеттенүүнү кеңейтүүгө, чыныгы ишенимди бекемдөөгө жана Кыргызстандын жана Азербайжандын боордош элдерин жакындатууга багытталган коомдук дипломатияны өнүктүрүүгө арналган.

Азербайжандык журналисттер Кыргызстандын алдыңкы масс-медиа чараларынын ишмердүүлүгү жана мамлекеттик маалымат саясатындагы заманбап ыкмалар менен таанышып, ошондой эле өлкөнүн табигый жана туристтик жайларын камтыган маданий программаларга катышуусу пландалууда.

Мындай демилгелер кесиптик байланыштарды узак мөөнөттүү бекемдөөгө, объективдүү маалымат аймагын түзүүгө жана гуманитардык байланыштарды чыңдоого өбөлгө түзүп, эки тараптуу кызматташтыктын мындан аркы өнүгүүсүнө шарт түзөт.

Мурда ушул сыяктуу таанышуу иш сапарлары Казакстан, Өзбекстан жана Тажикстандан келген негизги масс-медиа өкүлдөрү үчүн ийгиликтүү уюштурулган. Бул долбоорлордун туруктуу жүргүзүлүшү Кыргыз Республикасынын аймактык жана достук мамлекеттер менен жакын коңшулук, өз ара түшүнүү жана ишенимдүү диалог түзүүгө умтулуусунун көрсөткүчү болуп саналат.