Кыргыз Республикасынын Кыргыз жарандары Россияга барууга даярданышууда жаңы талап күчүнө кирди. 1-июлдан тартып, барганга 72 саат калганда ruID мобилдик тиркемесин жүктөп, катталуу талап этилет.

Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Консулдук департаментинин үчүнчү катчысы Нургазы Жумалиев Биринчи радиодо кабарлады.

Катталууда бара турган жери, мөөнөтү жана эмнеге барганы боюнча маалыматтарды киргизүү милдеттүү. Бирок, катталбагандыгы же тиркеме жоктугу Россияга кирүүгө тоскоол боло турган себеп эмес.

Учурда Россияда 502 миңдей кыргызстандык жаран жашайт жана эмгек миграциясына байланыштуу талаптар күчөтүлүүдө.

Мындан башка, Россияга киргенден кийин 30 күн ичинде эмгек келишими түзүп, тиешелүү каттоодон өтүү зарыл, андан соң гана расмий эмгек ишмердүүлүгүн жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк берилет.

ruID системасы миграция талаптарын катуулатуу менен катар Россияда мамлекеттик кызматтарды алууда ыңгайлуу мүмкүнчүлүк түзөт.